САЙТ ЖθНΥНДθ

θлкθбγздγн азыркы экономикалык абалы, элибиздин жашоо-турмушу жаштарды эмгек жолун эрте баштоого мажбур кылып жатат. Кθпчγлγк студенттер билим алуу менен катар иштеп, каражат табуунун аракетин кθрγшγγдθ. Андыктан билимди студент θзγ каалагандай ыњгайлуу формада алуу мγмкγнчγлγгγн тγзγγ-учурдагы билим берγγ системасындагы негизги багыттардын бири экендиги талашсыз. Билим берγγнγн мындай ыњгайлуу формаларынын бири катары дистанттык окутууну атасак болот. Ушул мезгилге чейин кыргыз тилин дистанттык окутууга ыњгайлаштырып окутуунун методикалык жол-жоболору иштелип чыга электиги эске алынып, компьютердик технологиянын жана Интернет дγйнθсγнγн мγмкγнчγлγгγн пайдалануу менен студенттерге, окутуучуларга жардам болот деген ишеничте ушул сайтты ачтык жана ал улам жањы маалыматтар, материалдар менен толукталып турмакчы.

Бул сайт ЖОЖдордун педагогика жана филология факультетинде окутулуучу негизги дисциплиналардын бири болгон «Азыркы кыргыз тилин» окутуучуларга жана студенттин θз алдынча бул курсту окуп γйрθнγγсγнθ багыт берγγ, ыњгайлуу шарт тγзγγ максатында тγзγлдγ. Мындан тышкары биздин сайттан кыргыз тилинин фонетикасы, лексикасы, морфологиясы жана синтаксиси боюнча жумушчу программанын γлгγсγн, автордун бул багытта иштеп чыккан окуу курал, методикалык колдонмолору, келечектеги башталгыч мектептин мугалимдерине жардам катары айрым сабактардын план-конспектилери, кыргыз тили боюнча илимий иштерди жазуунун γлгγлθрγ жана башка бул курска тиешелγγ кθптθгθн маалыматтарды ала аласыњар.

Бул сайт кыргыз тилин сγйγγчγлθр, γйрθнγγчγлθр жана изденγγчγлθр γчγн керек болгон маалыматтарды кандайдыр бир дењгээлде камсыз кыла алат деген ишеничтебиз жана билим берγγдθ, алууда жана изденγγдθ сиздерге ийгилик каалайбыз! Каалоолор, сунуштар, пикирлер болсо кабыл алууга даярбыз.

Электрондук дарегибиз:
akunova@newmail.ru


Используются технологии uCoz